Бейшемби күну парламенттин пленардык отурумунда алгач өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет. Бул иш чарага президент Курманбек Бакиевдин катышып, кыска сөз сүйлөөсү белгиленген. Андан кийин депутаттар Манастагы АКШ базасы чыгаруу маселесин кароого киришет. Базаны чыгарууну колдоп бүгүн “Ак жол” жана коммунисттик фракциялар добуштарын беришти. Ал эми социал-демократтар бир пикирге келе алышкан жок. (AiT)