Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

К.Маликов: Диний экстремисттер бийликти тартып ала алышпайт


Кыргызстанда радикалдуу диний-экстремисттик топтор аркылуу бийликти тартып алуу коркунучу жок. Мындай пикирин саясат илимдеринин доктору жана диний эксперт Кадыр Маликов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, радикалдуу топтор бийликке келүүгө даяр эмес жана акыркы кездеги мамлекеттик институттардын күчөтүлгөнү да ага себеп болгон. “Радикалдуу күчтөрдүн мамлекетти башкарууга кадрдык потенциалы жок. Диний-экстремисттик топтор менен күрөшүүдө мамлекет калктын билим деңгээлин жогорулатып, ислам өкүлдөрүн кызматташууга тартышы керек”, - дейт К.Маликов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG