Бул тууралуу Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын тургундары бүгүн «Азаттыка» кабарлашты. Алардын айтымында, Тажикстандын Хожаъло айылынын тургундары өз аймагы аркылуу өткөн үч электр линиясы тартылыган зым крагайды казып салышкандыктан Таш-Тумшук айылындагы 110 кожолук электр жарыгысыз калган. Тажик жарандарынын мындай аракетине 17-февралдагы кыргыз-тажик атуулдарынын ортосундагы тирешүү себеп болгон. Бул күнү тажик атуулдары кыргыз аймагынан суу түтүгүн уурдап баратканда кармалып, натыйжада чегара аймагында минден ашуун адам катышкан тирешүү чыгып, эки тараптын күч кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн улам тирешкен эл таратылган болчу. Баткен облустук акимчилигинен чегарадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн кошуналаш Согди жана Баткен облустарынын өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгонун да кабарлашты.(JsA)