“Тажик тарап кыргызстандык чалгынчы деп айыптап жаткан Мухаммади Салимзода деген офицер бизде катталбайт, андай кызматкер бизде жок”, - деп Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын өкүлү бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Эскерте кетсек, Балтика маалымат агенттиги (БИА) бүгүн Тажикстандын кыргызстандык офицерди чалгынчы деп айыптап жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. Анда Кыргызстандын коопсуздук кызматынын офицери Мухаммади Салимзода 2008-жылдын август айында Тажикстанга кызынын үйлөнүү тоюна кеткен боюнча жок болгону, үстүбүздөгү жылдын январь айында гана анын кармалуу фактысы таанылганы жазылган. Ошондой эле Тажикстандын башкы прокуратурасы М.Салимзодага Кылмыш кодексинин 308 жана 306-беренелери боюнча айып тагып жатканы, ал үчүн офицер 20 жылга эркинен ажыратылаары айтылган. (КЕ)