Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Ошто мамлекеттик тил маселеси талкууланды


Жарандык коомдун, айрыкча жаштардын алдыңкы өкүлдөрү катышкан форумда кеп маданиятын жогорку окуу жайларына киргизүү сунушунан тышкары президент гана эмес премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле облус жана район-шаар башчылары жумушка дайындалаардан мурда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруу керектиги баса белгиленди. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кыргыз тилинин тагдырына балта чаап жаткандыгы айтылды. Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов, Ош облус губернатору Аалы Карашев көтөрүлгөн маселелердин жүйөөлүү экендигине токтолуп, айтылган сын-пикирлерден жыл акырына дейре жыйынтык чыгарышаарын убада кылышты. (ATo)

XS
SM
MD
LG