Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

“Ак жолдун” Нарындагы бөлүмү телефон байланышына 29 миң сом бересе


Мындай маалыматты «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын күзөт кызматынын башчысы, Нарын шаардык кеңешинин депутаты Арпачы Дүйшөналиев билдирди.Ал эми социал-демократтар партиясынын Нарындагы бөлүмү 15 миң, «Асаба» партиясынын уюму 2298 сом телефон байланышына карыздарын төлөшө элек. Шаардык кеңештин депутатынын айтымында партиялардын карыздары шайлоолордон бери төлөнбөй узартылып келе жатат. «Ак жол» партиясынын Нарын облустук бөлүмүнүн координатору Эмил Чымылдаков партиянын 29 миң сом телефонго карызы бар экендигин бышыктап, бересени депутаттар чогулуп төлөп беребиз дешкен, бирок төлөшө элек деп жооп кайтарды. (KUs)

XS
SM
MD
LG