Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Түркмөнстан: Мунапыс алгандар арасында саясий айыпкерлер жок


Адам укугун коргоочулар президент Гурбангулы Бердымухаммедовду абактагы саясий айыпкерлерди бошотууга байма-бай чакырып келишет.
Адам укугун коргоочулар президент Гурбангулы Бердымухаммедовду абактагы саясий айыпкерлерди бошотууга байма-бай чакырып келишет.

Түркмөнстанда бүгүн мамлекеттик майрам – Желек күнү белгиленүүдө. Аны утурлай президент Гурбангулы Бердымухаммедов өз жардыгы менен бир миңдей адамга мунапыс берди.

Мамлекеттик же диний майрамдарды утурлай абактагыларга мунапыс берүү Түркмөнстанда салтка айланган көрүнүш. Бул ирет президент Гурбангулы Бердымухаммедов Желек күнү утурлай кол койгон жардыкка ылайык 990 адам мунапыс алды. Алардын 67си аялдар. Түркмөн Хельсинки тобу деген уюмдун башчысы, адам укугун коргоочу Тажыгүл Бегмедова "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматындагы маегинде Түркмөнстандагы мунапыстын өзгөчөлүктөрүн мындайча түшүндүрдү:

-Маңызы жагынан бул - кечирим берүү. Абактагылар күнөөсүн моюнга алган билдирүүго милдеттүү түрдө кол койуусу керек. Башкача айтканда бул мыйзамсыз соттолгондордун же ачык эмес соттордо жазага тартылгандардын акталуусуна мүмкүндүк бербейт. Бул - бир өзгөчөлүгү. Экинчи өзгөчөлүгү, албетте, азыр мунапыстын тартиби өзгөрдү. Азыр бат-бат болуп калды, бирок масштабы мурдагыдай чоң эмес. Тизмеге болсо,тилекке каршы, мунапыс алып чыккан соң кайра түшүп калгандарды деле кошуп коюшат. Бул криминогендик кырдаал жогорулугунан эмес, сот-укуктук система жетилбегенинен улам токтобой жаткан агым сыяктуу.

Ошентип Түркмөнстандагы соңку мунапыстан кийин да адам укугун коргоочулар саясий айыпкер жана абийир туткуну деп санаган адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калды.

Адам укугун коргоочу уюмдар түркмөн бийликтерин аларды абактан чыгарууга утур-утур чакырып келет. Акыркы ирет сегиз уюм президент Гурбангулы Бердымухаммедовго ачык катын 3-февралда жолдошкон эле. Анда өзгөчө Аннакурбан Аманкылычев менен Сапардурды Хаджиев деген эки журналисти абактан бошотуу чакырыгы айтылган.

Түркмөнстан жөнүндө документалдык фильм тартууда франциялык телеканалга кол кабыш кылышкан эки калемгер 2006-жылы Кылмыш кодексинин мыйзамсыз курал сактоо, опузалоо деген беренелери боюнча жети жылга эркинен ажыратылган.

Алардын жана башка саясий айыпкерлердин түрмөдө кармалуу шартына Чек арасыз кабарчылар уюму 18-февраль күнү эле кайрадан тынчыздануу билдирди. Аталган уюмдун өкүлү Елса Видал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматы менен маегинде акыркы мунапыста саясий айыпкерлердин же журналисттердин эч кимиси бошотулбаганын маалымдады. .

Быйыл 14-февралда болсо президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун мамлекет башчынын кызматына расмий киришкенине эки жыл толду. Бул датаны утурлай Эл аралык мунапыс уюму жаңы баяндама жарыялап, анда Түркмөнстан эки жыл мурда адам укуктарын жакшыртуу жаатында берген убадаларын орундабаганы, адамдарды саясий жүйөөдөн улам куугунтуктоо, кармоо жана соттоо уланып жатканы айтылат.

Өлүү-тирүүлөрү белгисиз саясий айыпкерлердин арасында бир туугандар Константин жана Борис Шихмурадовдор да бар. Эл аралык мунапыс уюму баяндамасында аларды күч менен дайынсыз жоголгондор деп атаган. Борис Шихмурадов - Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри. 2002-жылдын декабрында мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетине катышы бар деген жүйөө менен иши жабык сотто каралган 59 адамдын бири жана 25 жылга кесилген.

Бирок жаңы президенттин бийликке келгенинен бери эки жыл өтсө да анын тирүү болсо кайсыл жерде экени белгисиз. Эл аралык мунапыс уюму түркмөн бийлиги биринчи кезекте абийир туткундарын бошотуусу, дайынсыз жоголгондодун дарегин айтуусу керек деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG