Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча президент кызматка жаңы дайындалган министрлердин парламент алдында ант берүүсүнө катышып, аларга өз каалоо, тилегин билдирет. Өткөн ай аягындагы кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин биринчи вице-премьер министрликке Өмүрбек Бабанов, вице-премьер-министрликке Өктөмхан Абдуллаева, өкмөт аппарат башчысы-министрликке Нурлан Айтмурзаев, Тышкы иштер министрликке Кадырбек Сарбаев, Билим берүү жана илим министрликке Абдылда Мусаев, Айыл, суу чарба министрлигине Искендербек Айдаралиев, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине Назгүл Ташбаева, Каржы министрлигине Марат Султанов дайындалган. Булардан тышкары ага чейин Коргоо министри болгон Бактыбек Калыев, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Адилет министри Нурлан Турсункулов, Экономикалык өнүгүү жана өнөр жай министри Акылбек Жапаров, Энергетика министри Ильяс Давыдов жана Салык комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков ант беришет. (BD)