Саясий куугунтукка каршы күрөш комитетинин өкүлү Мукар Чолпонбаевдин билдирүүсү боюнча, сотто күбөлөр сурак берет. Сот күбөгө жүргөн 70 адамдын буга чейин 12син гана сураган. Эмилбек Каптагаевге мындан бир топ жыл илгери Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши ачылган. Оппозиция муну Каптагаевдин саясий аракети үчүн куугунтук деп баалап жатат. (BD)