Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

“Туризм жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланат


Талкуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттикте болот. Мыйзамды даярдаган авторлордун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча долбоор КМШга кирген мамлекеттерге үлгү катары кабыл алынган мыйзамга шайкеш мыйзам кабыл алуу жана туризм тармагында иштеген жеке менчик фирма, агенттиктердин кызыкчылыктарын да коргоо максаты менен даярдалууда. Талкууга туроператорлор да катышып, бажыкана, туристтик жайларды чет өлкөлөрдө рекламалоо, виза маселелери боюнча сунуштарын беришет. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы туризмден түшкөн кирешенин көлөмү ички дүң продукциянын 4 пайызын түзгөн жана агенттик быйыл аны 5 пайыздан ашыруу милдетин алдыга койгон. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча бул тармактан өткөн жылы 556 миллион доллар алынган.(BD)

XS
SM
MD
LG