Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргызстанга кумшекер эмне үчүн көп алынып келип, жергиликтүү кантты чыгаруу азайгандыгынын себебин иликтөөгө киришти. Ага кант чыгаруучу ишканалардын кайрылуусу себеп болду. Анткени 2006-жылга салыштырмалуу өткөн жылы сырттан келген канттын көлөмү 11 пайызга өссө, өлкө ичинде чыгаруунун деңгээли 37 пайызга түшүп, 3 кант заводу токтоп калган.(BD)