Эл аралык валюта кору Тажикстанга 120 миллион доллар насыя бөлүү жөнүндө алдын - ала келишимге жетишти. Фонд миссиясынын жетекчиси Аксел Шиммелпфеннингтин айтымында, насыя 3 жылдын ичинде берилет. Тажикстан глобалдуу финансы кризисинен эң катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Өткөн жумада Эл аралык кризис тобу Тажикстандагы абалга тынчсыздануусун билдирген эле.