Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

А. Жекшенкулов журналист А. Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча суралды


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы билдирет. Бул малыматка караганда, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 18-февралда суракка алынган. Буга чейин А. Жекшенкуловго таандык курал Ошто өлтүрүлгөн журналист А.Саиповдун өлүмүнө тиешелүү болушу ыктымалдыгы айтылган эле. Белгилүү болгондой А. Жекшенкуловдун куралы баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бирок бул жолу ал 2007-жылы 9-декабрда Таласта өлтүрүлгөн Түркия жаранынын өлүмүнө байланыштуу текшерилмекчи. Эске салсак, “Серкон” мүмкүнчүлүгү чектелген уюмдун директору Сервет Четин Макаров тапанчасынан чыккан эки октон каза тапкан. А.Жекшенкуловго карата бул окуяны оппозиция лидерлери саясий куугунтук катары баалашууда. (EK)

XS
SM
MD
LG