Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

“Акыйкат үчүн” кыймылы: Милиция чектен чыккан аракеттерди жасап жатат


18-февралда аталган кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловду ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгы чакырып, анын тапанчасы 2007-жылы күзүндө белгисиз бирөөлөрдүн колунан каза тапкан журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу жана 2007-жылы Таласта түрк бизнесменин өлтүрүүгө тиешеси болушу мүмкүн, деген шек менен суракка алышкан. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча суракта милиционерлер Жекшенкуловго таандык куралдын уруксаты, качан берилгенине, каерде сакталарына кызыгышкан. Оппозиционер ушул сааттарда соттук экспертиза боюнча мамлекеттик борбордо тапанчадан атылган окторду экспертизадан өткөрүү иштерине катышууда.
Бул ишке байланыштуу “Акыйкат үчүн” кыймылы билдирүү таратып, муну милициянын чектен чыккан аракети катары баалады. Билдирүүдө айтылгандай, А. Жекшенкуловдун бүгүн соттук экспертиза борборунда тапанчасынан атылган окту да тергөө органдары кайра анын өзүнө каршы колдонуп, чагымга баруусун күтүүгө болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG