Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстандагы экономикалык кризис башкаруучулардын иш билбестигинен болууда


Мындай жүйөөнү бүгүн “Социал-демократтар” партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын белгилегени боюнча жогорку квалификациялуу адистердин дээрлик 60% Кыргызстандан сырт жактарда иштеп жүрүшөт. Ушундан улам дагы Кыргызстанда тең салмактуу тышкы саясат жок, ал эми эки жылдан бери өлкөнү муунтуп келаткан энергетикалык кризис тармактарда чала сабат адистер отуруп, иш жүргүзүп жатканынын натыйжасы, дейт ЖК социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов. Анын айтуусунда 2005-жылы коррупция менен күрөшүү бир аз жанданган, кыргызстандыктар муну сезген. Азыр болсо коррупциянын деңгээли 2005-жылдан мурунку көрсөткүчтөн да күчөдү. Ушул тапта күч органдары үчүн айлык акылар көбөйтүлүп, социалдык тармакка жетиштүү каражат бөлүнбөй жаткандыгын белгилеген Б. Бешимов бүгүнкү күндө экономикага эски, колхоздук системадагы көз караш сакталгандыгы мамлекет үчүн терс таасирин тийгизип жатат, деп белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG