Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

М. Намазалиев: Кыргызстан демократиядан чегиниши ыктымал


"Орусия менен кызматташ өлкөлөр көбүнчө авторитардык, тоталитардык жана экономикасы эркин эмес өлкөлөр. Кыргызстан Батыштан, АКШдан четтеп Орусия тарапты ыктап жаткансыйт. Коркунучтуусу, Кыргызстан өзүнө өнүгүүгө мисалы катары бул өлкөлөрдү үлгү алып, Белорусия, Өзбекстандын жолоюна түшүшү мүмкүн. Демек, бизде демократиядан, эркиндиктен артка чегинүү орун алышы ыктымал." – деген камтамачылыгын билдирет жаш саясат тануучу Мирсулжан Намазалиев. ЖК бүгүн “Манас” аскердик базасы жөнүндө АКШ менен келишимди токтотуу маселесин көпчүлүк добуш менен жактап берди. Жергиликтүү серепчилер бул Кыргызстан тышкы саясатта АКШга караганда Орусия менен кызматташууга көбүрөөк ык коюп жатат дегенди түшүндүрөт деп жоромолдошууда. (EK)

XS
SM
MD
LG