Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

БЭКтин Аксы районундагы уюму кеңеш курду


Мындай маалымат бүгүн “Асаба” партиясынын Аксы районундагы мүчөсү Эсенгазы Жаңыбаевден алынды. Анын билдиришинче, БЭКтин мүчөлөрү Кара-Жыгач айылында чогулушуп, мындан ары жүргүзөөр иш-чараларды талкуулашты. Алар оппозиция өкүлдөрү менен алардын туугандарына ачылган кылмыш иштерди бийликтин кысым көрсөтүүсү катары баалашып, элдин жашоосу менен балдардын билим алуусуна электр жарыгын өчүрүү тескери таасир тийгизип жаткандыгын белгилешти. Элдик революциялык кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаровго куугунтук жасоону, анын уулуна козголгон кылмыш ишин токтотууну жакынкы жыйында өзүнчө талап кылып коюушаарын билдиришти. Акыркы чечим 21-февралда Кара-Суу айылында райондун айыл өкмөттөрүнөн чакырылган өкүлдөрдүн катышуусу менен өтчү кеңешмеде кабыл алына турган болду. (YA)

XS
SM
MD
LG