Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

НАТО министрлери Ооганстан боюнча стратегияны кайра кароодо


Алардын жыйыны Польшанын Краков шаарында өтүп жатат. АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс жыйында Ооганстанда быйыл августка белгиленген президенттик шайлоону утурлай коопсуздукту чыңдоо үчүн өнөктөш өлкөлөрдөн кошумча аскер жөнөтүү маселесин көтөрмөкчү. АКШ президенти Барак Омаба Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жөнөтүлөрүн ушул аптада жарыялады жана Европадагы өнөктөштөрдү да АКШныкындай аракет көрүүгө үндөдү. Коргоо министри Роберт Гейтс Краковго келе жаткан жолдо кабарчылар менен болгон маегинде кошумча аскер боюнча чакырыктарга азырынча оң жооп боло электигин моюнга алды.

XS
SM
MD
LG