Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Пол Браммел менен жолугушат. Мындай маалыматты спикердин басма сөз катчысы Авланбек Жумабаев билдирди. Улуу Британиянын элчиси атайын нота жиберип, жолугушууну өтүнгөн. Ал эми жолугушууда кандай маселе тууралуу сөз болору азырынча белгисиз.(BD)