Өкмөттүк саатта каралуучу башкы тема –жазгы талаа жумуштарына даярдык болмокчу. Ушул тапта парламентке 1-вице-премьер-министр баштаган бир катар тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, “Айыл банктын” өкүлү, бардык облустардын, Ош шаарынын жетекчилигинин өкүлдөрү келип, 2009-жылкы жазгы талаа жумуштарын уюштуруу ишин талкууга алууга даярданышууда. Башкы тема боюнча негизги сөз баяндамачы айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевге берилди.(ZKo)