Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Мамлекет мындан ары социалдык буйрутма боюнча иштей баштайт


Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси Курманкул Жумалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, социалдык тапшырманы алдыга жылдыруу үчүн сынак өткөрүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан. Азыр анын 3-баскычы жүрүп жатат. “Жакында сынакка түшкөн долбоорлорду изилдеп чыгып, анын ичинен эң татыктууларын тандап алып, коомдук уюмдарга тапшырма беребиз. Башкача айтканда, бюджеттин акчасын ошолорго ишенип беребиз. Алардын элге жардам берүү боюнча долбоорлорун колдойбуз”,- дейт адис. Анын айтымында, бул аракеттер үчүн бюджеттен каражат каралган жана алар жаз алды менен ишке аша баштайт. Учурда уюштуруу иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG