Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Болот Жанузаков: Эгемендүүлүк менен ар-намысты тыйынга алмаштыруу эң жаман нерсе


Кыргызстан эгемен мамлекет катары ички, тышкы саясатын ирээттүү жүргүзүүгө тийиш, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болотбек Жанузаков. Анын айтуусунда эң негизинен АКШ базасынын эл аралык Манас аэропортунан чыгарылышы - учурдун талабы. “Кыргызстан эл аралык терроризмдин коркунучун өз жон териси менен сезип, башынан өткөрдү. 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңы болгон кезде мурдагы президент Аскар Акаев дүйнө коомчулугуна кайрылып, эл аралык терроризмдин коркунучу тууралуу айтып, бул глобалдуу маселеге каршы чогуу туруу керек, деп айткан. Бирок ошондо көпчүлүк мамлекеттер аны колдогон эмес. 2001-жылы сентябрь окуясынан кийин гана бул маселе эл аралык мамилеге көтөрүлүп, Ооганстандагы эл аралык терроризмдин тамырын жок кылууга багытталган антитеррордук коалиция түзүлдү,” дейт Болот Жанузаков. Анын сөзү боюнча “Манас” аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышын экономикага байланыштыруу туура эмес. Өлкө жетекчиси өзүнүн чечими тууралуу кайсы жерде, кандай шартта билдирсе, мында катачылык жок, бирок базаны чыгаруу же калтыруу боюнча соодалашып, улуттун кызыкчылыгын тыйынга алмаштыруу –эң туура эмес иш, дейт Болотбек Жанузаков.(ZKo)

XS
SM
MD
LG