Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Мигранттардан келген акча азаюунун үстүндө


Январь айында сырттагы мигранттардан Кыргызстанга келип жаткан акча 40% кыскарды. Бул тууралуу “Толубай” банктын башкармалык башчысы Жеңиш Байгутиев бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда бул маселе тууралуу банкирлер президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушууда да маалымдашкан, бирок азырынча мамлекет буга анчейин көңүл бөлбөй келет.
Өткөн жылы сыртта жүргөн мигранттардан Кыргызстанга 1 млрд. доллардын айланасында акча келип түшкөн. Бул каражат өлкөнүн ички дүң продукциясынын 20-25% түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG