Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

“Мээрим булагы” балдар үйүнөн 26 бала чыгарылат


Аталган балдар үйүндөгү 39 баланын 13ү мыйзамдуу түрдө балдар үйүнө катталган. Ал эми 26 баланын кайдан, эмне себептен келгени белгисиз жана тиешелүү документтери так эмес. Мына ушул себептен Түп районунун акими Казбек Керимбеков аларды балдар үйүнөн убактылуу чыгаруу тууралуу чечим чыгармакчы. Бир нече убактан бери чыр-чатактын чордону болуп жаткан “Мээрим булагы” балдар үйүндөгү абал менен жеринен таанышуу үчүн бүгүн Бишкектен балдарды коргоо боюнча мамлекеттик департаменттин жана бир катар бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр барышкан. Кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызына Түп районунун акими кабарлагандай балдар үйүнүн бир да тарбиялануучусу ачкачылык жарыялаган эмес. “Мээрим булагы” балдар үйүнүн жетекчилиги болсо балдар үйүн жайына тынч коюу талабы менен бир нече тарбиялануучу дүйшөмбү күнү ачкачылык жарыялагандыгын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG