Египеттин Луксор шаарында бүгүн украиналык жүк ташуучу учак өрттөнүп кетип, беш кишиден турган экипаж набыт болду. Египеттин аба майданынын өкүлдөрүнүн маалымдашынча, өрт өчүргүчтөр окуя болгон жерге тез убакытта жетип барганы менен учактын экипажын сактап кала алышкан эмес. Ан-12 учагы Луксордон Украинаны көздөй жаңы гана учуп чыкканда кырсык болду. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.