Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

“Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу нота АКШнын элчисине берилди


КР тышкы иштер министрлиги расмий тараткан маалыматта айтылгандай АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгарууга байланышкан нотаны КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гпфеллерге тапшырды. Бул маалыматты АКШ элчилиги менен “Манас” аба базасынын басма сөз кызматы азырынча тастыктай элек.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча Америка өкмөтү менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун кечээ Жогорку Кеңеш колдоп берген. КР президенти Курманбек Бакиев бул мыйзам долбооруна бүгүн кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG