Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Кытай түрмөсүндө тогуз кыргыз жараны жаза өтөөдө


Кыргызстандын Тышки иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул кыргыз атуулдары Кытайдын аймагында карактап кол салып адам өмүрүн кыйгандыгы, баңги соодасы, контрабанда өңдүү кылмыш жасагандыгы үчүн кытай абактарына кесилген. Алардын ичинен бирөөсү өлүм жазасына кесилип, кийин жазасы 19 жылдык түрмө мөөнөтүнө алмаштырылган. Дагы төртөө узак убакытка кесилип, экөө өмүрүнүн акырына дейре эркинен ажыратылган. Ал эми азыркы учурда эки кытай жаранын өлтүрдү деп айыпталган үч кыргызстандыктын үстүнөн соттук териштирүү өтүүдө. 2008-жылдын июнь айында Гуандун провинциясынын Улуттук сотунда аларды өлүм жазасына тартуу өкүмү угузулган. Бирок бул өкүмдү кайра карап чыгуу арызы ошол эле провинциянын жогорку сот инстанциясына тапшырылгандыктан аталган иш кайрадан каралууда. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги жана ошондой эле Бээжиндеги кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган. (ES)

XS
SM
MD
LG