Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакытбек Жекшенов билдирди. Ал аталган министрлик тарабынан кароосуз калган балдардын көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча жигердүү иш аракеттер болуп жатканын белгилөөдө. Анын айтымында, бул багытта ички иштер, билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу болуп, эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Жаңы муун” аттуу долбоорунун алкагында иш алып барууда. “Өткөн жылы кароосуз калган балдардын көбөйүшүн токтотууга мамлекеттик бюджеттен беш миллиондой сом бөлүнгөн”,- дейт министрдин орун басары. (ES)