25-февралда баштала турган бул иш чара КМШ алкагындагы адабий окуулар жылын жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин жыйынтыктоо максатын көздөп, ага КМШ өлкөлөрүнөн жүздөн ашык өкүл келет деп күтүлүүдө. Эл аралык форумду гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фонд менен Кыргызстандын маданият министрлиги уюштуруп жатат. Форум үч күнгө созулат. (BuS)