Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Иран бийлиги экс-президентти колдогон эки интернет сайтты жапты


Тосмого алынган интернет сайттар өлкөнүн мурдагы президенти, реформачыл саясатчы Мохаммад Хатаминин алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин колдоо үчүн ачылган эле.
Интернетке көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө айтылгандай, ал сайттар талаптагыдай каттодон өткөн эмес жана мазмуну "улуттук биримдикке шек келтирет".

Президенттик кызматта 1997-2005-жылдары турган Мохаммад Хатами 12-июндагы шайлоого талапкерлигин коерун жакында жарыялаган. Ал азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга башкы атаандаш болуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG