Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Пакистандын бир провинциясында өкмөт кыштак тургундарын курал менен камсыздайт


Мындай кадамга Пакистандын Түндүк-Батыш чегара провинциясынын өкмөтү барууда. Провинциянын баш министри Амир Хайдер Хотинин билдирүүсүнө караганда, кыштак тургундарына 30 миң мылтык таратылат. Баш министр мындай пландын жүйөөсү катары террорчуларга каршылык көргөзүүнү атады.
Пакистандын армиясы менен ички иштер министрлиги Түндүк-Батыш провинция бийликтери бул маселени алар менен талкуулабаганын билдирди.

Бул жарыянын алдында аталган проивициянын Сват өрөөнүндө талиб согушкерлери өкмөттүн өкүлүн алты жансакчысы менен кошо уурдап кеткени кабарланган эле. Кийинчерээк согушкерлердин өкүлү өкмөттүк чиновник камактагы бир нече согушкерге алмаштырылганын маалымдады.
Жакында эле Пакистан бийликтери аймактагы согушкерлерди тынчытуу үчүн Сват өрөөнүндө шарият мыйзамын киргизүүнү алардын жетекчилиги менен макулдашканын жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG