Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө президент К.Бакиевдин куттуктоосу


Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Ата-Мекенди коргоочунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам муундардын үзүлбөс байланышын чагылдырат. Мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат.
27-январда жалпы улутка кайрылуумда өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо алдыда турган эң орчун милдет экенин айткан элем. Дал ушул аймактык бүтүндүктү жана Ата-Мекенибиздин келечегин сактоо биздин каарман жоокерлердин, намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.
Ата-Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес. Бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуул.
Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жандили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!
Бул толук тексти 20-февралда президенттин басма сөз кызматы тараткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG