Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Борбор Азияда маңзатка көз каранды адамдардын саны өсүүдө


Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Жеймс Каллахан айтып чыкты. Анын айтымында, Афганистанда өндүрүлгөн маңзаттардын ушул өлкөлөр аркылуу Орусия жана Европа өлкөлөрүнө ташылып жаткандыгы ага себеп болууда. Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстанда 2000-жылы биңгизатына көз каранды адамдардын саны жүз миң адамга 91 адам туура келсе, 2007-жылы бул сан 157ге жакындаган. “Албетте бул сандар реалдуу көрүнүштөн айырмалынып турат. Анткени көптөрү ар кандай себептерден улам катталбайт”, - дейт Ж.Каллахан. Ошентип, изилдөөлөр Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан кийинки үчүнчү орунда турары аныктаган. Эксперттин айтымында, Тажикстандын ушул абал боюнча расмий билдирүүсү болгон эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG