Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

"Улуу Биримдиктин" лидеринин иши боюнча күбөлөр суралууда


26-январдан бери Каракол шаардык соту карап жаткан бул иш боюнча жалпысынан 60тан ашык киши күбө катары суралары күтүлүүдө. Ысык-Көл облус губернаторунун мурдагы орун басары болуп турган кезде партия башчысы Эмил Каптагаев кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталууда. Бул иш беш жыл мурда козголуп, далилдер жетишсиз деп жабылып калган. Кайра козголгон ишке кошумча жаңы жагдайлар кошулган эмес деп эсептеген саясатчынын тарапкерлери муну саясий буюртма деп атат.

Адвокат Мукар Чолпонбаевдин билдиргенине караганда азыр оппозициялык саясатчылардын айланасында козголгон отуздан ашык кылмыш иши бар. Алардын катарында Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго, Ишенбай Кадырбековго каршы кылмыш иштери, Азимбек Бекназаров баштаган бир катар саясатчылардын балдарына, туугандарына каршы кылмыш иштери козголгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG