Бул жыйында жетекчилик шайланып, регламент бекитилери болжолдонууда. Президенттин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда бул отурумга мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу катышмакчы. Президент Курманбек Бакиев Ордо Кеңешин түзүү тууралуу 1-декабрда жардык чыгарып, анын курамын 26-янвада бекиткен. Президент менен коомчулуктун байланышын арттырууну максатын көздөгөн ордо кеңештин курамы 45 кишиден турат. Алардын катарында Үсөн Сыдыков, Ишенбай Абдыразаков, Турар Койчуев баштаган аттуу-баштуу мамлекеттик, коомдук ишмерлер бар. Оппозиция менен жарандык лидерлер болсо Ордо Кенешти президенттин камчысын чаап бере турган артык баш структура деп сындап келатышат.(BuS)