БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, учурда Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү 1-мартка чейин жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. “Топчубек Тургуналиев Аксы, Ала-Бука, Таш көмүрдө, Аликбек Жекшенкулов Ысык-көл, Кочкордо, Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад, Базар-Коргондо, Ишенбай Кадырбековдун туугандары Нарында жолугушууларды өткөрөт. Биз барган жерлерде эл азыркы бийликтин саясатына нааразы болушуп, БЭКтен саясий нааразылык акцияларын тездетүүнү талап кылышууда”, - дейт Бекназаров. Ал ошондой эле 1-мартта БЭК кеңейтилген жыйынга чогулуп, марттагы саясий акцияны өткөрүү күнүн аныктап-тактаарын кошумчалады. (AJ)