Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

СДПнын Нарын облустук жыйыны болду


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын облустагы конференциясына Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов жана Дамира Ниязалиева катышышты. Конференцияга чакырылган 80 делегаттын алдында депутаттар азыркы бийликтин саясатын сынга алышты. Иса Өмүркулов бийликке жөндөмсүз адамдар келип жаткандыгын белгилесе, Бакыт Бешимов бюджеттин туура бөлүштүрүлбөй жаткандыгын, сырткы саясатта дагы калпыстыктар кетирилип жаткандыгын билдирди. Маселен Улуттук илимдер академиясыга 144 миллион сом каралса, ал эми Кыргызстанда 5 адамды коргоо үчүн 106 миллион сом бөлүнгөн. Кочкор районунан келген делегат Асанкул Кадыракунов КСДПны кызматка сатылган демократтар партиясы деп сындады. Конференцияда партиянын курултайына Нарын облусунан 30 делегат шайланды. (KUs)

XS
SM
MD
LG