Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Мурдагы кыргыз чегарачысына Өзбекстанда кылмыш иши козголду

Мындай билдирүүнү Өзбекстандын маалымат каражаттары таркатты. Бүгүн жарыяланган маалымат боюнча, Кыргызалы Атантаев 25-январда Өзбекстанда жүргөн учурунда кармалган. 22-январда Наманган облустук коопсуздук кызматына колго түшкон Мурод Адашев аттуу өзбек жараны 225 грамм кара куурайды Атантаевден сатып алганын тергөөдө билдирген. Алардын экөөнө Өзбекстандын кылмыш кодексинин 246 жана 273-беренелери боюнча маңзаттарды ири өлчөмдө соодалоо жана аткезчилик деген кылмыш иши козголгон, деп жазылат маалыматта. ТИМдин Жалал-Абат облусундагы өкүлү Замир Садиров Кыргызалы Атантаев мурда чегара кызматында иштеп жүрүп пенсияга чыккандыгын жана ал өзбекстандык досу конокко чакырган Үч-Коргон шаарында Өзбекстандын улуттук коопсуздук Наманган облустук бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан кармалганын маалымдаган. (YA)
XS
SM
MD
LG