Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Түркмөнстандын президенти Өзбекстанга келди


Бүгүн Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кесиптеши Ислам Каримов менен жолугушуу максатында Ташкентке келди. Эки лидер өз ара соода карым катнаштары жана аймактык коопсуздук жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөкчү. Бул - Борбор Азиядагы эки өлкөнүн мамилеси “түркмөнбашы” Сапармурат Ниязовдун маалында оорлоп кеткен эле. Бирок 2007-жылы бийликке Гурбангулы Бердымухаммедов келгенден кийин эки өлкөнүн ымаласы жакшыра баштады. Маалыматтарга ылайык, түркмөн президенти Ташкентте маданий фестивалга катышып, жакында эле курулган Түркмөнстандын элчилигин ачмакчы. Бул Бердымухаммедовдун Өзбекстанга болгон экинчи иш-сапары.

XS
SM
MD
LG