Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Харбинде бүткүл дүйнөлүк студенттик оюндар өтүп жатат


Харбиндеги универсиаданын ачылыш салтанаты
Харбиндеги универсиаданын ачылыш салтанаты

18-февралдан бери Кытайдын Харбин шаарында студенттердин бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиада оюндары өткөрүлүп жатат. Ага 46 мамлекеттен 4 миңге жакын атлет катышууда.

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршеналы Касенов баштаган чакан делегация Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы универсиада оюндарына катышты.

Кыргызстандан бир гана Славян университетинин студенттери Тимур Губаев менен Андрей Вакурин сноуборд боюнча жарыштарда мөрөй талашты. Аларга баш-көз болуп, кен-кеңеш айтып өлкөнүн сноуборд федерациясынын жетекчиси Эркин Усубалиев Харбинде жүрдү.

Шаршеналы Касеновдун айтымында, Кыргызстандын өкүлдөрү кышкы атайын олимпиадалык оюндарга алгач ирет катышып, 13-орунду ээлеп, тажрыйба топтоп келишти.

Алардын кышкы спорттогу тажрыйбасы аздыгы, чеберчилиги төмөн болгонуна карабай, мөрөй алышпаса дагы өзү курактуу курбаларынын жоон ортосунда жүрүштү.

Кыргызстандык Тимур Губаев сноуборд кросс жарышына катышып, өтө татаал ыкманы көрсөтүүгө аракет кылды. Натыйжада бийик секирип, абада айланып баратып, кокустан жыгылып, жаракат алып, кийинки мелдештен чыгып калды.

Ошондой эле сноуборд жарышына кыргызстандык Андрей Вакурин да катышып, мыктыларды иргеп алуу таймашында алдыга озуп, экинчи болуп келди. Андан кийинки жарышта, анын аттандаштарынын чеберчилиги жогору болгондуктан Андрей алдыга озуп чыга албады.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун баамында, дүйнөлүк студенттердин кышкы универсиада оюндарына Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, спортчулар катышкандагы эле жакшы саамалык:

- Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган студенттер бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Мурдакы жайкы универсиадага бизден 1-2 спортчу гана барса, эми минтип кышкы универсиада оюндарга жол ачылды.

Кыргызстанда учурда студенттердин спортуна, дене тарбиясына анча көңүл бурулбай аларды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келүүдө. Студент жаштар үчүн атайын кышкы спорт жайлары жокко эсе. Өлкө аймагындагы кышкы спорт базалары менчик болгондуктан студенттерде кышкы спорт менен машыгуугна шарт жок. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин спорттук демилгелерин толук колдоого алууга чамасы жетпей келатканын адистер сынга алышууда.

Учурда Харбин шаарында өтүп жаткан студенттердин кышкы универсиада оюндардагы мөрөй талашууларда оюн ээлери кытайлыктар 13 алтын, 14 күмүш жана 9 коло медаль жеңип алуу менен командалык биринчи орунда турат.

Экинчи орунду Орусиянын студенттер командасы ээлеп, алар учурда 11 алтын, 9 күмүш жана 11 коло байгелүү болушту.
Түштүк Корея өлкөсү үчүнчү катарда келүүдө.

Жапондор төртүнчү орунда болсо, Европада спорттук өлкөлөр катары таанылган Швеция, Франция, Германия, Голландия жана башка мамлекеттер азырынча алдыга чыга албай турушат.

Кытайдын маалымат каражаттарында бул кышкы универсиаданы өткөрүүгө Кытай өкмөтү 440 миллион АКШ долларын чыгымдаганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG