Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Элчи ошондой эле төрт студенттин оор жаракат алып, мээси чайкалгандыгы тууралуу мурдагы маалыматтарды төгүндөдү. Элчинин айтымында 22-фервалдын түнүндө азык-түлүк алууга жатаканадан чыккан кыргызстандык студенттерди жергиликтүү төрт-беш бала тегеректеп сабап кетишкен. Бирок алардын денелерине оор залал келген эмес, студенттер окууларын улантып жатышат. (BuS)