Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Москва районунда үйүн сатыкка койгондордун саны күндөн- күнгө көбөйүп жатат


Бул туурасында аталган райондун депутаты Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» кабарлады. «Өзгөчө бул көрүнүш район борбору Беловодск айылында көбүрөөк байкалууда. Үйүн сатыкка койгондордун басымдуу бөлүгү орус улутундагылар. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандан биротоло кетүүнү каалашат. Буга алар бир катар себептерди мисал кылышууда»,- дейт С. Аргынбаев. Ал эми район акими Даукен Аринов, «райондо бир гана орус улутундагылар эмес, башка улуттагы мекендештер да үйлөрүн саттыкка коюп жатышат. Бирок муну массалык түрдө үй сатуу деп айтууга болбойт»,- деп белгилейт. 1993-94- жылдары Чүйдөгү башка улут өкүлдөрүнүн чет жактарга массалык түрдө көчүп кетүүлөрү күч алган. (JJ)

XS
SM
MD
LG