Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Укук коргоочу Равшан Гапиров Кыргызстанды таштап кетүүсү мүмкүн


Мындай кадамга баруунун башкы себебин “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Жанар Акаевге укук коргоочу “Кыргызстанда адам укугун коргоого мүмкүн болбой калды” деп түшүндүргөн. Ал карапайым жарандардын укугу одоно тепселенип жатканын, сот тармагы коррупцияга белчесинен батканын айтып, президент Курманбек Бакиевге ондон ашуун кайрылуу жолдогон. Равшан Гапиров акыркы жолку кайрылуусун да президент адаттагыдай эле жоопсуз калтырса, анда алдыңкы бир ай ичинде Кыргызстанды таштап чет өлкөгө чыгып кетээрин билдирген. Ал укук коргоо иштери менен 20 жылдан бери алектенип, 14 жолу соттолгон. Акыркы жолу улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, Оштун убактылуу кармоочу жайында он айга жакын камалып чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG