Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Жалал-Абат облусунда мугалимдер жетишсиз


Ушул тапта облустун мектептерине 900дөн ашуун мугалим жетпей жатат. Мындай маалымат бүгүн облустук билим берүү борборунун жетекчисинин орунбасары Токомбай Тургамбаевден алынды. Анын айтымында, жетишпеген мугалимдердин ордуна ардагер адистер жана сырттан окуган студенттер иштөөдө. Айлыктын аздыгы жана педагогдор үчүн турмуштук зарыл шарттардын жоктугу мугалимдердин башка кесипти тандоосуна өбөлгө түзүүдө. Сүрөт, кол эмгек, ыр-музыка адистерин даярдаган окуу жайлар жок. Жаш мугалимдердин депозит долбоору мектепке кандайдыр бир жардам бөлгөнү менен ал педагогикалык кадрлар жаатындагы көйгөйдү чечпейт. Долбоор боюнча айлыгына кошумча төлөнгөн 2 мин сом жаш мугалимдердин материалдык талаптарын канааттандырбайт. Андыктан мугалимдерге өкмөттүк атайын камкордук керек, деп айтты Токомбай Тургамбаев. (YA )

XS
SM
MD
LG