Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Грузин сыналгы каналдары орусча ырларга бир күндүк тыйуу киргизди


Бүгүн Грузия Кызыл Армиянын 1921-жылы эгемен демократиялык Грузия өлкөсүнө басып киришинин 88 жылдыгын белгиледи. Өлкөдөгү дээрлик бардык сыналгы каналдары бул окуяга байланыштуу орус тилиндеги ырларга жана көркөм тасмаларга бир күндүк тыйуу киргизди. Үналгыларда да орус ырлары жаңырган жок. Түшкү саат 11:00де болсо негизги грузин шаарларында бардык автоунаалар сигнал берип, Грузиянын жикчил аймактарынын Орусия тарабынан көзөмөлдөнүп калышына нааразылыгын билдиришти. Өлкөдөгү айрым шаар көчөлөрү жана сейил бакчалары 2008-жылы августта орус куралдуу күчтөрүнө каршы күрөшүп курман болгон грузин жоокерлеринин ысымдары менен аталып калды.

XS
SM
MD
LG