Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Өлкөнүн үч жылдык өнүгүү стратегиясы кабыл алынды


25-февралда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевдин төрагалыгында Улуттук кеңештин отуруму болуп, өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүү стратегиясы кабыл алынды.

Улуттук кеңештин отурумунда «Өлкөнүн 2007-2009-жылдардагы стратегиялык өнүгүүсүн ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы пландаштырылган иш чаралардын аткарылышы» боюнча экономика жана соода министри Акылбек Жапаров доклад жасап, жалпысынан алдыга койгон милдеттер аткарылганын билдирди.

Президент Курманбек Бакиев газ маселеси боюнча орус-кыргыз келишиминин аткарылбай жатканына, энергетика тармагындагы менчиктештирүү маселесине кызыкты. Акылбек Жапаров инвестор болуучу Орусиянын «Газпром» ишканасы менен «Кыргызгаздын» сүйлөшүүсү жай жүрүп, убакыт создугуп кеткенин, дүйнөлүк кризиске байланыштуу бул маселе убактылуу токтотулганын, «Түндүк электр», «Бишкек жылуулук борбору» менен ТЭЦти менчиктештирүүгө сунуш-арыздар түшпөгөндүктөн бул ишканаларды менчиктештирүү маселеси токтоп турганын айтты.

Президент электр тармактары менчиктештирүүгө жатпастыгын белгилеп, бирок менчиктештирүү конкурсуна чет өлкөлүк инвесторлорду күтпөй, жергиликтүү ишкерлерди тартууну сунуштады. Ал ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнө жана Мамлекеттик мүлк корунун башчысына менчиктештирүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Өлкө башчысы «Өлкөнүн 2007-2009-жылдардагы стратегиялык өнүгүүсүн ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы пландаштырылган иш чаралар» 98 пайызга аткарылганын белгиледи.

Экинчи негизги маселе, «Өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүү стратегиясынын” долбоору боюнча Акылбек Жапаровдун баяндамасында аталган долбоор негизинен адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталганы белгиленип, айлык маяналарды 2,2 пайызга көтөрүү, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экология жана демократияны сактоо максаты тургандыгы айтылды.

-Экономикалык өнүгүүнүн сапатын жакшыртууга тоо-кен , айыл чарба, курулуш, туризм, транспорт тармагын реформалоо ишара кылынууда. Байланыш жана маалыматташтыруу, соода, илим тармагын өнүктүрүгө басым жасалууда.

Жапаров ошондой эле туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн Камбар-Ата-2, Камбар-Ата-1 ГЭСтерин, кичи ГЭСтерди куруу, инвесторлорду тартуу зарылдыгын кошумчалады.

Президент Курманбек Бакиев “Өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүү стратегиясын” натыйжалуу ишке ашырууну министрликтерге, ведомостволорго, губернатор, акимдерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына катуу тапшырды.

Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов болсо буга чейин өлкөнү өнүктүрүү багытында канчалаган программа кабыл алынганын, бирок алар көзгө көрүнөрлүк натыйжа бербегенин айтты.

-Бүгүнкү күндө үч жылдык стратегиялык программаны түзүүнүн өзү ката. Бүгүнкү күндө керек болсо жарым жылдык программа түзүш керек. Экинчиден эми кийинки кезде канча программа кабыл алынып жатат. Бирок анын аткарылышы, анын берген натыйжасы кандай болуп жатат? Бул боюнча анализдеп толуктоолорду киргизип, түзөтүүлөрдү киргизилсе түшүнсө болот. Анан улам-улам эле программа дей берип, экономиканын көтөрүлгөнүн көргөн жокбуз.

Өмүркулов белгилегендей, биринчи кезекте өкмөт дүйнөлүк каржы кризисинин алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып баруусу керек эле.

Отурумда Салык кодексине токтолгон мамлекет башчы К.Бакиев 1-марттан тартып кыймылсыз мүлк салыгына мораторий жарыялоо ылайыктыгын, губернатор, аким, айыл өкмөттөрү кандай үйлөргө жана кайсы үйлөргө салык төлөнө тургандыгын “беш колундай” билиши керектигин айтты.

-Кыймылсыз мүлк салыгы сонун турак жайларга, же байларга карата иштегени эп болот. Эгерде сен заңгыраган там салып, анын жашаганга ылайыктуу аянты 200 чарчы метрден ашык болсо. Анда сен салык төлөөгө милдеттүүсүң,- деди Бакиев.

Ал ошондой эле патенттердин төлөмдөрү, сатууларга салынган салыктар боюнча Салык кодексин тез арада иштеп чыгууну жана сунуштарды киргизүүнү өкмөткө тапшырды.

Иса Өмүркулов болсо өкмөт биринчи Салык кодексин ырааттап алып, анан өнүгүүнүн стратегиялык планын түзсө жөндүү болот эле деген ойдо:

Жаңы Салык кодекси парламентте кабыл алынып жатканда биздин фракция каршы добуш берген жана жүйөлүү сунуштарды айтканбыз. Бул Салык кодекси иштебей калса ким жооп берет деген маселени дагы койгонбуз. Бүгүнкү күндө ишкерлер жапа чегип жатат. Азыркы бийликте салыктагы туруктуулук жок. Анан эми кабалы аларын кабыл алып, бүгүн көп беренелерден артка кетип, же болбосо кайра карап чыгууга мажбур болуп атышат. Ошол эле мезгилде талаш жараткан беренелер блюнча бюджеттин киреше бөлүгүнө эч кандай пайда түшкөн жок.


Отурумдун соңунда Өлкөнүн 2009-2011-жылдардагы өнүгүү стратегиясынын долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG