Март айында Кыргызстандын түндүгүнө берилчү электр кубатынын өлчөмү эки эсеге жакын азайтылат. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Ферваль айы үчүн Талас, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына 517 млн. квт. саат бөлүнгөн болчу.Маалыматка караганда электр жарыгы кечки саат алтыдан түнкү саат онго чейин өчүрүлүп турат. Мындай кадам кризиске байланыштуу Борбор Азия бириккен энергетикалык системадан Казакстандын чыгып, өз алдынча аракеттенүүсү менен түшүндүрүлүүдө. Тажикстан февралда энергосистемадан уруксатсыз электр энергиясын алып жаккандыгы Казакстанды ушундай чечимге алып келген. Бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычына да таасир этүүдө деп айтылат маалыматта. Учурда Токтогул суу сактагычында 7 млрд. кубометрге жакын суу бар.(BuS)