Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Ноокат окуясын иликтөө боюнча комиссиянын тыянагы президентке берилет


Мындай убаданы кечээ мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу комиссиянын башчысы Азиза Абдырасулова менен жолугушууда убада кылды. Комиссиянын тыянагы коомчулукка бүгүн жарыяланары күтүлүүдө. Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда тыянак сексен пункттан турат. Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн комиссия окуяны бир ай иликтеди. Былтыр 1-окябрда Орозо айт маалында Ноокат райондук бийлик имаратынын жанында чыккан чатак боюнча 32 киши экстремисттик хизб-ут-тахрир уюмунун өкүлдөрү катары узак мөөнөткө сот жообуна тартылып, камакта отурушат. Бул чечимдин акыйкаттыгына күмөнсүнгөн укук коргоочулар өз алдынча иликтөө демилгеси менен чыгышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG