Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу оперативдүү кызматынын маалыматына караганда 24-февралдын кечинде Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Төр аймагында көчкү жүрүп, ошол учурда аймакта жүргөн Маманов Будин жана Арзиев Мухтар аттуу эки чабан дарексиз болууда. Бул эки адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 32 кишиден турган оперативдүү тобу эки күндөн бери издеп жатат деп билдиришти Оштон. (BuS)