Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Март айында электр жарыгы көбүрөөк өчүрүлөт


“Түндүк электро” ишканасы тараткан маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына жана Казакстандын энергосистемасынын Кыргызстандан бөлүнүп чыгып кеткенине байланыштуу электр керектөө жогорку чекке чыгып кеткен учурларда жарыкты өчүрүү графигинен тышкары дагы кошумча өчүрүүлөр жүргүзүлөт. Бул саат 18:00дөн 22:00гө чейин болот.
“Түндүк электро” ишканасынын маалыматы боюнча буга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү башкы себеп. 26-февралга карата суу сактагычтагы суу 7 млрд. куб метрге да жетпей калды. Бүгүнкү күнү андагы суунун көлөмү -6 млр. 985 млн. 450 миң метр кубду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG